• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

2410 адам Кыргызстандын жарандыгына кабыл алынды

Президент 0

Бишкек, 16.03.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров, Кыргыз Республикасынын президентине караштуу Жарандык маселелери боюнча комиссиянын сунуштарынын негизинде, Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жана жарандыгынан чыгуу жөнүндө 11 Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Маалыматка ылайык, алардын ичинен 7 Жарлык 2410 адамды (1802 — чоң адам жана 608 — бала) Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө, алардын көпчүлүгү тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар (Кыргыз Республикасынын мурунку жарандары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандары менен никеге тургандар) жана 4 Жарлык 982 адамды (780 — чоң адам жана 202 — бала) Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгаруу жөнүндө.

Кол коюлган Жарлыктар менен толук бул жерден таанышууга болот: 1 , 2, 3, 4, 5, 6, 7, 8, 9, 10, 11.

Пикир

Оставить комментарий