• 88.68
  • 95
  • 0.95

30-октябрга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы

Коом 0

Бишкек, 30.10.23. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 30-октябрга карата республиканын аймагында күтүлгөн аба-ырайы тууралуу маалымат берди.

Ага ылайык, бүгүн Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда +20...+25, Таласта +17...+22, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +21...+26, Ысык-Көл облусунда +12...+17 жана Нарын облусунда +13...+18 градус, Бишкек шаарында +23...+25 жана Ош шаарында +24...+26 градусту көрсөтөт.

Пикир

Оставить комментарий