• 88.68
  • 95
  • 0.95

Түркия Республиканын негизделгендигинин 100 жылдыгын белгилеп жатат

Дүйнө 0

Бишкек, 30.10.23. /Кабар/. Түрк элинин тарыхында жаңы доорду ачкан окуя — Түркия Республикасынын негизделгенине 100 жыл болду. Республиканын жарыяланышы менен мамлекеттик башкарууда «Эгемендик эч кандай шартсыз элге таандык» деген ураан өз ордун тапты.

Жыл сайын 29-октябрда түрк эли өзүнүн негизги улуттук майрамы – Республика күнүн белгилейт. 1923-жылы дал ушул күнү Түркия республика болуп жарыяланган.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган өлкө жарандарын Түркия Республикасынын негизделгендигинин100 жылдыгы менен куттуктады.

Мамлекет башчысы бул белгилүү датага карата кайрылуусун X социалдык тармагында жарыялады.

«Өлкөбүздүн 81 дубанындагы бардык бир туугандарыбызды, ошондой эле чет жерде жашаган бардык мекендештерибизди Республикабыздын 100 жылдыгын майрамдоого жана үйлөрдү, дүкөндөрдү, унааларды түрк желектери менен кооздоо менен бул сыймыктуу күндү бөлүшүүгө чакырам. Асман жана жер биздин желегибиз менен капталсын», - деп айтылат билдирүүдө.

Түркиянын Президенттик Администрациясына караштуу байланыш башкармалыгынын жетекчиси Фахреттин Алтун 29-октябрь Республика күнүнө карата жарыялаган кайрылуусунда: «2023-жылдын 29-октябрында биз, басып өткөн бир кылымдын сыймыгы жана кубанычы менен катар, көптөгөн ийгиликтерди багынта турган жаркын кылымдын алгачкы күнүндөгү өзгөчө толкундоону сезип турабыз. Жашасын Республика, жашасын Түрк кылымы»,- деди.

Тышкы иштер министри Хакан Фидан куттуктоосунда: «Тынчтыктын, акыл-эстүүлүктүн, теңчиликтин жана ишенимдин символу болгон Түркия өлкөбүздүн мүмкүнчүлүктөрүнөн дем-күч алган улуттук тышкы саясатыбыз менен дүйнөнүн адилеттүүлүгү үчүн кайраттуу жана чечкиндүү кадамдарды таштай беребиз», - деген оюн билдирди.

Пикир

Оставить комментарий