• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Аба ырайы. Өлкө аймагында күн сууктап, тоолорго кар түшөт

Коом 0

Бишкек, 28.08.23. /Кабар/. Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, 28-29-августтарында Кыргызстандын аймагында аба-ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 28-августта көпчүлүк аймактарда жамгыр жаап, тоолуу райондордо жаан карга айланышы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

28-29-августтарында абанын температурасы төмөндөп: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 8…13°, күндүз 18…23°, Талас өрөөнүндө түнкүсүн 4…9°, күндүз 17…22°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 9…14°, күндүз 21…26°, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн 4…9°, күндүз 13…18°, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 1…6°, айрым жерлеринде 0…-2° үшүк, күндүз 13…18°. Республиканын тоолуу райондорунда түнкүсүн 0…5°, күндүз 7…12°, бийик тоолордо түнкүсүн -3…-8°, күндүз 1…6° ка чейин болушу күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Мындай туруксуз аба-ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону, айыл чарба жумуштарын кыйындатат.

Бул күндөрү туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

Пикир

Оставить комментарий