• 88.68
  • 95
  • 0.95

Адылбек Касымалиев Япониянын ROTOBO компаниясынын бизнес делегациясын кабыл алды

Өкмөт 0

Бишкек, 27.11.23./Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев, Кыргызстанга кыргыз-япон бизнес-диалогуна катышуу үчүн келген Япониянын Россия жана жаңы көз карандысыз мамлекеттер менен соода боюнча ассоциациясынын ROTOBO делегациясын кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар соода-экономикалык чөйрөдөгү эки тараптуу кызматташуунун кеңири спектрин талкуулашты.

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары президент Садыр Жапаровдун Японияга расмий сапарынынын алкагындагы Япониянын расмий өкүлдөрү жана ишкер чөйрөлөрү менен бир катар маанилүү жолугушуулар жана сүйлөшүүлөр кыргыз-япон мамилелерин өнүктүрүүгө чоң өбөлгө болгондугун белгиледи.

Ал ошондой эле “Кыргыз Республикасы чет өлкөлүк түз инвестицияларды, инновациялык технологияларды жана чет өлкөлүк компаниялардын тармактык тажрыйбасын тартууга өзгөчө маани берет, ошондуктан мамлекет инвестициялык жана соода саясатын өркүндөтүү, сатуу рыногун жогорулатуу жана жеткиликтүүлүктү жакшыртуу боюнча жигердүү иштерди жүргүзүп жатат”-деп кошумчалады.

Адылбек Касымалиев Өнөр жай жана өндүрүш ишканаларына инвестицияны стимулдаштыруу максатында Кыргыз Республикасынын бир катар жеңилдетилген калктуу конуштары аныкталганын, аларда инвестициялык ишмердүүлүк 10 жылга узартуу мүмкүнчүлүгү менен 5 жылдык мөөнөткө салыктын 4 түрүн төлөөдөн бошотулганын белгиледи

Өз кезегинде ROTOBO компаниясынын өкүлдөрү бул сапар үстүбүздөгү жылдын 20-ноябрындагы, Кыргыз Республикасынын президент Садыр Жапаровдун Японияга болгон иш сапарынын алкагында өткөн диалогдун уландысы экенин белгилешти жана эки өлкөнүн бизнес түзүмдөрүнүн ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн келечегин түзүү үчүн, кыргыз-япон бизнес диалогунун платформасын пайдаланууга даяр экендиктерин билдиришти.

Мындан тышкары, япон тарап министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басарына, Япония Өкмөтүнүн Борбордук Азия өлкөлөрүнө, атап айтканда Кыргызстанга кызыгуусу өсүп жаткандыгы тууралуу маалымат берди.

Пикир

Оставить комментарий