• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

АФК Кубогу: Эртең "Абдыш-Ата" түркмөнстандык "Алтын-Асырга" каршы ойнойт

Спорт 0

Бишкек, 20.09.23. /Кабар/. Ата-мекендик "Абдыш-Ата" футболдук клубу АФК Кубогунда дебюттук беттешин өткөрөт, деп билдирет Кыргыз футболдук союзунун басма сөз кызматы.

Азиялык клубдук турнирдин тайпалык этабы алкагында өлкөнүн учурдагы чемпиону "Абдыш-Ата" клубу Түркмөнстандын вице-чемпиону -"Алтын-Асыр" менен кез келет.

Оюн эртең, 21-сентябрда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт. Башталышы саат 18:00.

Оюнга билеттер kassir.kg сайтында жеткиликтүү. КТРК Спорт каналы беттешти түз алып көрсөтөт.

Белгилей кетсек, турнирдин "Е" тайпасында "Абдыш-Ата" (Кыргызстан), "Алтын-Асыр (Түркмөнстан), "Равшан" (Тажикстан) менен "Мерв" (Түркмөнстан) орун алган.

"Равшан" менен "Мерв" да бири-бирине каршы эртең оюн өткөрөт. Беттеш Тажикстандын Гиссар шаарында өтөт.

Пикир

Оставить комментарий