• 88.68
  • 95
  • 0.95

Айдоочунун айынан Военно-Антоновка айылынын тургундары жарыксыз калган

Кырсык 0

Бишкек, 15.10.17. /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Чүй облусунун Сокулук районундагы Фрунзе совхозунун түштүк бөлүгү жана Военно-Антоновка айылы жарыксыз калган. Анын себеби белгисиз айдоочу унаасы менен электр чубалгысын барып сүзгөндүктөн келип чыккан.

“Түндүкэлектр” ишканасынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, окуя бүгүн, түнкү саат 03:45 чамасында болгон. Nissan Cefiro үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу “Военно-Антоновка” подстанциясын барып сүзүп алган.

Ыкчам-топ окуя болгон жерге барып, номери жок талкаланган унааны көрүшкөн. Жүргүзүлгөн ыкчам иш-аракеттин жыйынтыгында саат 09:35 карата алынган маалымат боюнча бардык электр менен камсыз кылууга байланышка 29 подстанция жарыкка кошулган.

Маалыматта айтылгандай, натыйжада 22 миң сомдук зыян келтирилген.

Чогултулган материалдар Сокулук РИИБне өткөрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий