• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Айсулуу Тыныбекова Египеттеги эл аралык мелдештин жарым финалына чыкты

Спорт 0

Бишкек, 24.02.23. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекова Египетте өтүп жаткан Ibrahim Moustafa эл аралык мелдештин жарым финалына чыкты. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн (UWW) сайтында айтылат.

Тыныбекова кыз-келиндер күрөшү боюнча 62 кг салмакта мелдештин 1/8 финалынан баштап күчүн сыноодо. Ал алгач франциялык Амелин Дуар менен күрөшүп, аны 7:0 эсебинде утуп алды.

Чейрек финалда Тыныбекова америкалык Кайла Миракл менен кармашып, атаандашын мөөнөтүнөн мурда 10:0 эсебинде жеңип алды.

Мелдеш 21-25-февраль күндөрү Александрия шаарында өтүүдө.

Эскерте кетсек, Египеттеги эл аралык мелдеште Акжол Махмудовдун агасы Сыймык Махмудов (63 кг) жана Раззак Бейшекеев (67кг) грек-рим күрөшү боюнча коло медаль уткан.

Пикир

Оставить комментарий