• 88.68
  • 95
  • 0.95

Актриса Таттыбүбү Турсунбаеванын сахнадагы кийимдери Тарых музейине берилди

Маданият 0

Бишкек, 01.02.24. /Кабар/. Кыргыз улуттук тарых музейинин фонду советтик кино жана театр актрисасы, КР ССРинин эмгек сиңирген артисти Таттыбүбү Турсунбаеванын театрда жана тасмада кийген кийимдери менен толукталды.

Музейден билдиршкендей, кызматкерлер сахна ханышасы жана сулуулуктун эталону саналган актрисанын экзотикалык экспонатка айлана турган "Кызыл алмада" бейтааныш сулуунун ролунда оронгон элечеги, "Уркуя" фильминде салынган бѳртмѳ жоолугу, спектаклде сценада кийилген чыптамалары, булгаары ѳтүгү жана сүрѳттѳрүн чогултушуп, ал музей фондусунун кѳркү болуп калды.

"Музей принципиалдуу ишинин багыты саналган археологиялык казуу жана этнографиялык талаа экспедицияларынан башталган салттуу топтоо иштерин үзгүлтүксүз улантуу менен залкарларга экинчи ѳмүр берген баалуулуктарды коомго ырааттуу тааныштырат", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий