• 88.68
  • 95
  • 0.95

Акылбек Жапаров менен СУАР Элдик өкмөтүнүн төрагасы биргелешкен долбоорлордун жүрүшүн сүйлөштү

Өкмөт 0

Бишкек. 02.04.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы – президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров Кыргызстанга иш сапары менен келген Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономдуу районунун (КЭР СУАР) Элдик өкмөтүнүн төрагасы Эркин Тунияз менен жолукту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Алгач “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолунун курулушуна токтолгон министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров үстүбүздөгү жылдын февралында Пекинде тийиштүү адистердин үч тараптуу жолугушуусу болгонун жана жакында эле “Кытай темир жолдорунун” жогорку делегациясы Кыргызстанга келгенин айтып, долбоордун йгиликтүү илгерилеп жатканын белгиледи.

Андан соң Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы көзөмөл өткөрүү пунктарынын ишмердүүлүгү жөнүндө сөз болду.

“Биз кытай тараптын “Эркечтам” жана “Торугарт” көзөмөл өткөрүү пункттарын 2024-жылдын 30-июнуна чейин 7 күндүк 14 сааттык иш графигине өткөрүү чечими үчүн ыраазычылык билдиребиз. Ошондой эле, “Кыргыз-Кытай достугунун көпүрөсүн” куруу, “Эркечтам” пунктунун аймагында көмүр базасы бар ленталык конвейерди куруу боюнча долбоорлор ийгиликтүү ишке ашырылууда. Мындан тышкары, сизге белгилүү болгондой жаңы “Бедел” өткөрүү пунктун ачуу жана “Барскоон-Үчтурфан-Аксу” унаа жолун куруу иштерине өзгөчө көңүл бурабыз. Соода-экономикалык кызматташууда биз Синьцзянга таянабыз, Кытайдын бул аймагы биз үчүн сиздердин өлкөгө дарбаза болуп саналат”, – деди Акылбек Жапаров.

Маселен, кытай тараптын статистикалык маалыматтары боюнча 2023-жылга карата эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүү 19 млрд 804 млн долларын түзүп, ал 2022-жылга салыштырмалуу 30%га өскөн.

МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров ошондой эле Кыргызстанда энергетика тармагында Сары-Жаз дарыясына ГЭСтер каскадын, “Жогорку Нарын ГЭС каскадын”, “Камбар-Ата-1 ГЭСин”, “Суусамыр-Көкөмерен ГЭС каскадын” куруу сыяктуу ири долбоорлор аныкталганын айтып, кытай тарапты энергиянын кайра жаралуучу булактарын өздөштүрүүдө кызматташууга чакырды.

Мындан тышкары, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тоо-кен тармагында сейрек кездешүүчү металлдарды казуу иштеринде эки тараптуу кызматташууну дагы жогорулатуу, авиация тармагында Ош-Кашкар жаңы аба каттамын ачуу, Кашкар айыл чарба жана соода банкынын Кыргызстандагы банктар менен кызматташуусунун мүмкүнчүлүктөрү, биргелешкен соода-өндүрүштүк парктарды түзүү маселелерин кенен талкуулашты.

“Кыргыз-кытай өкмөттөр аралык комиссиясынын алдындагы “Кыргызстан – КЭР СУАР” Координациялык тобунун кезектеги 12-отурумун “Ысык-Көл 2024” VIII экономикалык форумунун жана Жибек Жолунун өлкөлөрүнүн товарларынын көргөзмөсүнүн алкагында өткөрүү сунушун киргизем. Учурдан пайдаланып Синьцзян ЖОЖдоруна кыргыз жарандарына акысыз окууга 25 квота бөлүнгөнү үчүн СУАР Өкмөтүнө ыраазычылык билдирем. Маданий-гуманитардык кызматташтыкты тереңдетүү, “Манас” эпосун изилдөө жана жайылтуу жаатындагы биргелешкен илимий симпозиумдарды уюштурууну дагы сунуштайм”, - деди Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров.

Өз кезегинде КЭР СУАР Элдик өкмөтүнүн төрагасы Эркин Тунияз кытай делегациясын жогорку деңгээлде тосуп алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы көп кырдуу эки тараптуу кызматташтыкты илгерилетүүгө жана тереңдетүүгө кытай тарап дайым даяр экенин, өзгөчө эки тараптуу жетишилген долбоорлордун ишке ашырылышына толук кызыкдар жана бул жолку жолугушуу өз ара кызматташууну бекемдөөгө өбөлгө болоруна ишенерин билдирди.

“Эки тараптуу сүйлөшүүнүн жүрүшүндө айтылган ар бир сунуш жана демилге боюнча өзүнчө конкреттүү программа түзүп, дыкат иш алып барабыз. Биз эки мамлекеттин лидерлеринин буга чейин жетишилген макулдашууларын ишке ашырууга даярбыз”, - деди Эркин Тунияз.

Пикир

Оставить комментарий