• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте саркынды сууларды тазалоочу курулмаларды чыгаруучу завод ишке кирди

Коом 0


Бишкек, 02.04.24. /Кабар/. Бишкекте саркынды сууларды тазалоочу курулмаларды чыгаруучу Sky Tunuk заводу ишке кирди.

Завод Кыргызстандагы биринчи лифттерди чыгаруучу Sky Elevators заводунун базасында ачылды.

Жаңы завод - алдыңкы кореялык технологияларды колдонуу менен саркынды сууларды тазалоо чөйрөсүндө инновациялык жабдууларды өндүрүү жана орнотуу үчүн кубаттуу заманбап борбор болуп саналат. Завод өзүнө биологиялык тазалоочу станциялар, канализациялык насостук станциялар, темир-бетон конструкциялары, май жана нефти тазалагычтар, барабан фильтрлери, ошондой эле блок-модулдук станцияларды камтыйт.

Саркынды сууларды тазалоочу курулмаларды чыгаруучу завод биринчи кезекте экологиялык долбоор болуп саналат. Заводдун кызматкерлерин Кореядан келген инженерлер өндүрүшкө үйрөтүүдө.

Пикир

Оставить комментарий