• 88.68
  • 95
  • 0.95

Акылбек Жапаров респиратордук оорулар жана аллергия боюнча улуттук конгресске катышты

Өкмөт 0

Бишкек, 19.10.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров респиратордук оорулар жана аллергия боюнча XIII улуттук конгресстин ишине катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө белгиленгендей, респиратордук оорулар Кыргызстандагы негизги медициналык-социалдык көйгөйлөрдүн бири, оорулуулардын жана өлүмдөрдүн структурасында алдыңкы орундарда турат.

Статистикалык маалыматтарга ылайык, 2022-жылы республикада дем алуу органдарынын оорулары менен 700 миңге жакын бейтап катталган жана өпкөнүн өнөкөт ооруларынын оор түрлөрү менен ооругандардын жалпы болжолдуу саны 200 миң адамдан ашат.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров улуттук конгресс медицина тармагындагы эл аралык программаларды, алдыңкы технологияларды жана инновацияларды талкуулоо үчүн жакшы илимий-билим берүү аянтчасы экенин белгиледи. Ал респиратордук ооруларга байланыштуу актуалдуу маселелерди чечүүдө кыргызстандык адистер менен дүйнөнүн алдыңкы окумуштууларынын өз ара аракеттенүүсүнүн жана тажрыйба алмашуусунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Иш-чарага Улуу Британия, Дания, Швейцария, Голландия, Польша, Бельгия, ошондой эле КМШ өлкөлөрүнөн алдыңкы окумуштуулар катышты.

Пикир

Оставить комментарий