• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Алматы-Ташкент трассасында 80 киши куткарылды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 23.12.19. /Кабар/. 22-декабрга караган түнү бороонго байланыштуу Алматы-Ташкент-Термез автожолунда жүргүнчү ташыган автобус жана бир нече жеңил автоунаа жолдо калган.

«Казавтожол» мамлекеттик ишканасынын кызматкерлери жалпысынан 80 кишиге жардам берип, аларды Түркстан облусунун Шакпак Баба айылына жеткирди.

Автобус жолдон чыгып кеткен.

Аба ырайынын катаал шартынан улам коопсуздукту камсыздоо үчүн Актөбө, Чыгыш Казакстан, Жамбыл, Түркстан облустарындагы республикалык маанидеги трассаларда жол кыймылына чектөө киргизилди.

Пикир

Оставить комментарий