• 88.68
  • 95
  • 0.95

Араван районунда «Бирдиктүү терезе» режиминдеги тейлөө борбору иштей баштады

Аймак 0

Бишкек, 18.05.21. /Кабар/. Ош облусунун Араван районунда «Бирдиктүү терезе» режиминдеги тейлөө борбору иштей баштады. Бул тууралуу Ош облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кардарларга көрсөтүлүп жаткан мамлекеттик кызматтардын сапатын жогорулатуу, аларга жарандардын жеткиликтүүлүгүн жөнөкөйлөтүү, процедураларынын санын жана мөөнөттөрдүн убактысын кыскартуу максатында, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан Ош облусунун Араван райондук ички иштер бөлүмүнүн базасында «Бирдиктүү терезе» режиминде тейлөө борбору ишке киргизилди.

Аталган борбордун ачылышына Кыргыз Республикасынын ИИМдин МТББнын башкармалыгынын башчысы Улан Бактыгулов, Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат-аналитикалык борборунун башчысы Аким Жусупов катышты.

Улан Бактыгуловтун айтымында, бүгүнкү күнгө чейин ушул өӊдү борборлор облустун калган шаарларында жана райондорунда ачылып, жарандарга тийиштүү мамлекеттик кызматтарды көрсөтүп келүүдө.

Аталган райондун көпчүлүк жашоочулары облус борборунан алыс жашашкандан улам, соттолбогондугу же болбосо соттолгондугу жөнүндө тактаманы алууга Ош шаарына узак чакырымдарды басып өтүп, убакытты текке кетирүүгө аргасыз болуп келишкен.

«Эми бул аймакта борбордун ачылышы менен жергиликтүү тургундар өздөрүнүн мурда кайрылууга жумшаган убакыттарын үнөмдөгө мүмкүнчүлүктөрдү алышты. Андан сырткары, маалыматтарды киргизүү жана төлөө механизми жөнөкөйлөтүлдү. "Бирдиктүү терезе" принциби боюнча кызмат көрсөтүүчү борбордо бардык тийиштүү мамлекеттик кызматтарды бир жерден алууга мүмкүнчүлүк берет жана биздин жарандарга ыӊгайлуу шарттар түзүлмөкчү", - дейт Улан Бактыгулов.

Борбордо атайын стенддер орнотулуп, ал жерде талап кылынган документтердин тизмелери жана арыздардын үлгүлөрү көрсөтүлөт. Төлөм акысы тейлөө борборунда же болбосо соода борборлорунда орнотулган терминалдар аркылуу жүргүзүлөт. Ар бир кызматтын баасы мөөнөткө карата болот.

Акы төлөө баалары:

- 3 күн ичинде берилсе – 86 сом;
- 1 күндүн ичинде берилсе – 191 сом;
- бекер берилсе – 7 жумуш күн аралыгында.

Пикир

Оставить комментарий