• 88.68
  • 95
  • 0.95

Арча-Бешик конушундагы Бердибаев көчөсү оңдоо иштерине байланыштуу жабылды

Коом 0

Бишкек, 21.08.23. /Кабар/. Арча-Бешик конушундагы Бердибаев көчөсү капиталдык оңдоо иштерине байланыштуу жабылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы Бердибаев көчөсүн Шералиев көчөсүнөн Садыбакасов көчөсүнө чейинки бөлүгүн оңдоо үчүн жапты. Жолдун узундугу 310 погон метрди, ал эми жүрүүчү бөлүктүн туурасы 8 метрди түзөт.

Белгиленгендей, жаңы жолго тротуар жана сугат лотоктору орнотулат.

Пикир

Оставить комментарий