• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Багдад Амреев: Кыргызстандын чек арадагы кырдаалды тынчтык жолу менен жөнгө салуу боюнча аракеттерин колдойбуз

ТҮРК КЕҢЕШИ 0

Бишкек, 28.01.22. /Кабар/. Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин (ТТМКК) башкы катчысы Багдад Амреев кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалга байланыштуу билдирүү жасады. Бул тууралуу аталган кеңештен билдирди.

Багдад Амреевдин билдирүүсүндө мындай деп айтылат: "Биз кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы кырдаалга терең тынчсыздануубузду билдиребиз жана куралдуу кагылышууларды токтоосуз токтотууга, дипломатиялык сүйлөшүүлөр аркылуу абалды тынчтык жолу менен жөнгө салууга жана турукташтырууга чакырабыз.

Түрк түлдүү мамлекеттердин уюму карапайым калкка аскердик куралдын колдонулушун айыптайт жана эки коңшу өлкөнүн мамлекеттик чек арасындагы чыңалуунун мындан ары күчөшүнө жол бербөө үчүн зарыл чараларды көрүүгө чакырат.

Биз Кыргызстандын кырдаалды тынчтык жолу менен жөнгө салуу боюнча аракеттерин колдойбуз жана Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы өз ара түшүнүшүүгө, урматтоого, ынак коңшулукка жана жанаша жашоого негизделген диалогду кубаттайбыз.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча эки тарап тең алдыда өз ара ишенимди чыңдоого жана чыр-чатактарды болтурбоо үчүн зарыл кадамдарды жасайт деп ишенебиз".

Белгилей кетсек, буга чейин КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникациялар башкармалыгы 27-январь саат 20:30га карата кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагындагы кырдаал салыштырмалуу чыңалуу деп мүнөздөлгөндүгүн маалымдаган.

Такталган маалыматтар боюнча, Төрт-Көчө жерлигиндеги Баткен-Исфана автожолу Тажикстандын жарандары тарабынан жабылып, Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусунун жыйынтыгында саат 19:30да жол каттамы ачылган.

Бирок кайра эле саат 19:35тер чамасында кырдаал курчуп, тажик тарап Баткен районунун Чыр-Дөбө жерлигинде УКМКнын Чек ара кызматынын чек ара тарамдарын көздөй ок чыгарышкан.

Кыргызстан менен Тажикстандын Чек ара кызматынын чек ара тарамдарынын атышуусу Төрт-Көчө жана Чыр-Дөбө жерлигинде болуп, тажик тарап миномет жана гранатометторду колдонгон.

Чек арадагы чырдан 11 адам жабыркап, ӨКМ чек ара тилкесинде жашаган 11 миңден ашуун адамды коопсуз жайга эвакуациялады.

Ал ортодо КРнын Ички иштер министрлиги Баткен районунун Көк-Таш айылындагы окуя боюнча кылмыш иши козголгондугун кабарлады.

Бүгүн кайрадан тараптардын сүйлөшүүсү уланып, Кыргызстан менен Тажикстан аскердик түзүлүштөрдү тиешелүү чек ара сызыгынан чыгарууну макулдашты.

Пикир

Оставить комментарий