• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Балдарды коргоо күнүнө карата Бишкекте иш-чара өттү

Коом 0

Бишкек, 30.05.22. /Кабар/. 1-июнь — Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Биринчи май муниципалдык администрациясы балдарды куттуктады.

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, №15,19,41,49 орто мектептеринин жана №1 жатак мектебинин 150 окуучусуна «Россия» кинотеатрында фильм көрсөтүлдү.

Райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынын каттоосунда турган аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн жана калктын социалдык аялуу катмардагы 50 балага «Тюбетейка» чайканасында майрамдык түштөнүү уюштурулду.

Бишкек мэриясы бул иш-чараларды өткөрүүгө көмөк көрсөткөн «Россия» кинотеатрынын, «Тюбетейка» чайканасынын жетекчилигине жана кызматкерлерине ыраазычылык билдирет.

Пикир

Оставить комментарий