• 88.68
  • 95
  • 0.95

Балык уулоого кеткен. Аламүдүндө суудан изделип жаткан жарандын сөөгү табылды

Кырсык 0

Бишкек, 25.08.22. /Кабар/. Аламүдүн районунда балык уулоого чыгып, ошол бойдон үйүнө кайтып келбеген жарандын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 21-август күнү "112" кызматына 1971-жылы туулган У.И. аттуу эркек киши Ала-Арча суу сактагычына балык уулоого чыгып, дайынсыз болгондугу тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине ыкчам түрдө 24-августтан тарта ӨКМдин Аламүдүн райондук жана Бишкек шаардык куткаруучулары тартылып, издөө ишин жүргүзүп келишкен.

Пикир

Оставить комментарий