• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Башкы прокуратура: мурдагы президент Атамбаевдин жан сакчыларына коркутуулар болгон жок

Коом 0

Бишкек, 28.08.19. /Кабар/. Башкы прокуратура, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жан сакчыларына кылмыш иши менен коркутуулар болуп жатат деген маалыматты төгүндөөдө.

Башкы прокуратуранын билдиргени боюнча, 2019-жылдын 27-августунда интернет булактарынын биринде жактоочу З. Жоошевдин, УКМКнын 9-чу Кызматынын эки кызматкери - мурдагы президент А.Атамбаевдин жансакчылары Аскер прокуратурасына чакырылып, аларга кишини барымтага алуу боюнча айып коюуга аракет кылып, коркутуу болуп жаткандыгы тууралуу маеги жарыяланган.

"КРнын Башкы прокуратурасы Аламүдүн районунун Кой-Таш айылындагы А.Атамбаевдин үйүндө ушул жылдын 7-8-августтарында орун алган массалык баш аламандыктар, курал менен каршылык көрсөтүү, укук коргоо органдарынын кызматкерлерин барымтага алуу менен аларга карата зордук-зомбулук колдонуу фактылары боюнча Ички иштер министирлигинин Башкы тергөө башкармалыгынын жетекчилиги алдындагы ведомстволор аралык тергөө тобу тарабынан тергөө жүргүзүлүп жаткандыгын билдирет. Аскер прокуратурасынын тергөөчүсү – ведомстволор аралык тергөө тобунун мүчөсү тарабынан сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында А.Атамбаевдин жансакчыларынын (аскер кызматчыларынын статусуна ээ) жогоруда көрсөтүлгөн окуяларда алардын тигил же бул кылмыштуу иш-аракеттерге тиешеси бар же жок экендигин тактоого багытталган жагдайларды жана аракеттерди (аракетсиздик) толук, ар тараптуу жана объективдүү изилдөө үчүн комплекстүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Адвокат З.Жоошевдин көрсөтүлгөн адамдарга карата коркутуулар болуп жатат деген далилдери жок имиштери чындыкка дал келбейт жана коомдо терс пикирлерди жаратууга жасалган аракети", - деп айтылат маалыматта.

Башкы прокуратурадан белгилешкендей, бардык тергөө аракеттери (сурактар, беттештирүүлөр ж.б.), адвокат З.Жоошев өзү катышып күбө болгондой, жазык-процесстик мыйзамдардын талаптарына ылайык жана прокуратура органдарынын кызматкерлеринин кесиптик этикасынын ченемдерин сактоо менен жүргүзүлүүдө.

"Адвокат З.Жоошевдин А.Атамбаевдин сакчыларынын мыйзам бузууга тиешеси жоктугун көрсөткөнгө аракеттенген төрт жүйөсүнө келсек, ал сотко чейинки өндүрүштүн башка материалдары менен таанышпай туруп, аларды эсепке албай, эрте эле айта башташы анын өтө кыска түшүндүрмөлөрү жана жеке теориялык ой-пикири, кардарларын коргоону жүзөгө ашырууга жасаган аракеттеринин (милдеттеринин) бири деп түшүнсөк болот. Тергөө органы тарабынан кылдат териштирүүнүн жыйынтыгы боюнча чогултулган далилдерди эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык жетекчилердин аракеттерине тиешелүү так юридикалык баа берилет", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий