• 88.68
  • 95
  • 0.95

Баткенде Эгемендүүлүктүн 32 жылдыгы чоң салтанат менен өтөт. Программасы

Аймак 0

Бишкек, 29.08.23. /Кабар/. Баткен шаарында Эгемендүүлүктүн 32 жылдыгы чоң салтанат менен өтөт. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, 31-август күнү борбордук стадиондо саат 10:00дө кол өнөрчүлүк жана тамак-аш көргөзмөсү болот.

Саат 10:45де майрамдык салтанаттын расмий ачылышы башталып, жетекчилердин куттуктоосу менен бирге театрлаштырылган оюн-зоок, аскер бөлүктөрү тарабынан даярдалган атайын көрүнүштөр, концерттик программа тартууланат. Мында кошуна Өзбекстандын белгилүү эстрада жылдыздары да өз өнөрлөрүн тартуулашат.

Саат 12:40да майрамдын урматына спорттук иш-чаралар башталат: Улуттук кыргыз күрөшү, аркан тартыш, кол күрөш, таш көтөрүү жана стол үстүндөгү теннис боюнча аялдар жана эркектер арасында мелдеш өтөт. Ар бир спорттук оюндар боюнча жеңүүчүлөр аныкталып, байгелер тапшырылат.

Президенттин өкүлчүлүгү баткендиктерди шаардын борбордук стадионундагы майрамдык маданий жана спорттук иш-чараларга активдүү катышып, көңүл ачып кетүүгө чакырат.

Пикир

Оставить комментарий