• 88.68
  • 95
  • 0.95

Башкы прокуратура: Базар-Коргондо сот аткаруучуларга кылмыш иши козголду

Укук тартиби 0

Бишкек, 11.01.24. /Кабар/. Базар-Коргондо сот аткаруучуларга кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирет.

Базар-Коргон райондук прокуратурасы тарабынан райондук сот аткаруучулар кызмат бөлүмүндө (САКБ) текшерүү жүргүзүлдү.

Соттун өкүмү менен Б.Ы. уулу аттуу жаран “уурдоо”, “алдамчылык” беренелери менен күнөөлүү деп табылып, ага 60 миң сом өлчөмүндөгү айып пул салынып, аталган жарандын жашаган дареги боюнча Базар-Коргон райондук сот аткаруучулар кызмат бөлүмүнө аткаруу барагы жиберилген.

Ал эми Базар-Коргон райондук сот аткаруучулары кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, Б.Ы.уулу төлөгөн 60 миң сом айыппулду мамлекеттин эсебине которбостон, өздөрү алып алган. Аны менен бирге, жасаган кылмышты жашыруу максатында 600 сом гана өлчөмүндө акча каражатын мамлекеттик алым катары төлөтүп, сот органына аткаруу барагын аткарылгандыгы тууралуу жалган маалымат жиберишкен.

Аталган факт боюнча райондук прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) менен кылмыш иши козголуп, тергөө аракеттерин жүргүзүү райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматына тапшырылды.

Учурда иш боюнча тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий