• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бажы кызматынын түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата кичи-футбол боюнча турнир өттү

Спорт 0

Бишкек, 21.12.21. /Кабар/. Мамлекеттик бажы кызматынын түзүлгөн күнүнүн 30 жылдыгына карата 2021-жылдын 17-18-декабрында «Алай» спорттук комплексинде бажы кызматкерлеринин арасында кичи-футбол боюнча достук турнири болуп өттү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Спорттук иш-чаранын ачылышына Бажы кызматынын төрагасынын орун басары Азамат Абдыкалыков катышты.

Турнирде жалпысынан 10 команда күч сынашты. Алардын ичинен 4-орунга МБКнын Борбордук аппаратынын командасы, 3-орунга “Манас” бажысынын кызматкерлери, 2-орунга Түндүк-Чыгыш бажысынын командалары ээледи, ал эми мыкты натыйжага Түштүк-Батыш бажысынын командасы жетишти.

Мини-футбол боюнча достук турниринин жеңүүчүлөрү кубок жана баалуу белектер менен сыйланышты.

Пикир

Оставить комментарий