• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Москва районунда бейбаштыкка шектүү жарандар кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 21.12.21. /Кабар/. Москва районунда бейбаштыкка шектүү жарандар кармалды.

Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдиргендей, 2021-жылдын 11-ноябрында Москва РИИБне 1977-жылы туулган Д.Ч. аттуу жаран аймактык ооруканага дене жаракаттары менен кайрылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Милиция кызматкерлери көрсөтүлгөн дарекке чыгып, тиешелүү териштирүү иштери жүргүзүлгөн соң, жогорудагы факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине КР Жазык кодексинин 280-беренеси (Ээнбаштык) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталып, анын алкагында зарыл болгон экспертизалар дайындалган.

Териштирүү учурунда 2021-жылдын 11-ноябрь күнү Москва районунун аймагындагы ишканалардын биринен пикир келишпестиктен улам жабырлануучу бейтааныш балдар тарабынан жаракат алганы маалым болгон.

Чүй облустук ИИББи жана Москва РИИБнин криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, 25 жаштагы Р.З. жана К.К. аттуу жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Учурда окуя тууралуу ар тараптуу териштирүү иштери улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий