• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бетондолгон дарактар. Бишкекте "Барсхан" кафесинин ээсине айып салынды

Коом 0

Бишкек, 02.04.24. /Кабар/. Бишкек шаарындагы "Барсхан" кафесинин жумушчулары бактарды бетондогон видеосу социалдык тармактын колдонуучуларынын нааразычылыгын жараткан.

Бишкек мэриясынан билдиришкендей, окуя боюнча муниципалдык инспекциянын кызматкерлери Жибек-Жолу, 124/2 дарегине барып, экологиялык мыйзам бузуу фактысын тастыкташкан. Ошондой эле арыктан курулуш таштандылары табылган.

"Барсхан" кафесинин ээси - жеке ишкер К.М.С. карата эки протокол түзүлүп, бактардын тамырын бетондоо жана курулуш таштандыларын таштагандыгы үчүн жалпы суммасы 40 миң сом айып салынган.

Эки протокол түзүлгөндөн кийин кафенин ээси бактарды бетондордон "бошотуп", таштандыларды тазалай башташты.

Инспекторлор тарабынан мындай эреже бузууларга жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, таштанды салуу үчүн атайын урналар орнотулганын эскертишти.

Пикир

Оставить комментарий