• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Билим берүү министри Каныбек Исаков ант берди

Жогорку Кеңеш 0


Бишкек, 25.09.19. /Кабар/. Жогорку Кеӊеште билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков ант берип, өзүнүн ыйгарым укуктарын аткарууга киришти.

Ант берүү аземине президент Сооронбай Жээнбеков катышты. Ал жаӊы өкмөт мүчөсүн ант берүү аземи менен куттуктоо менен бирге, ага чоӊ жоопкерчилик тагылып жатканын эске салды. Ал министрди берген антын так аткарып, мамлекеттин жана жалпы элдин кызыкчылыгы үчүн иштөөгө чакырды.

Жогорку Кеӊештин төрагасынын орун басары Аида Касымалиева жалпы депутаттардын атынан жаӊыдан дайындалган өкмөт мүчөсүн ант берүү аземи менен куттуктап, анын ишинде ийгиликтерди каалады.

Белгилей кетсек, «КР Өкмөтү жөнүндө» мыйзамдын талабына ылайык, жаӊыдан дайындалган өкмөт мүчөлөрү парламентте ант бергенден кийин өзүнүн ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришет.

Пикир

Оставить комментарий