• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкек ЖЭБин калыбына келтирүү. Учурда 576 кызматкер иш алып барууда

Коом 0

Бишкек, 08.02.24. /Кабар/. Бүгүн, 8-февралда Бишкек Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) штаттык эмес кырдаалдын кесепеттерин жоюуга жалпы 576 адам, 17 техника тартылды.

Ыкчам штабдан билдиришкендей, учурда жалпы тартылган жумушчу топтун күчү ЖЭБдин чатырын жабууга жумшалууда.

Кызматкерлерге жумушту баштоо алдында коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча нускамалар жеткирилип, ысык тамак менен камсыз болууда. Ошондой эле жеринде жылынуу пункту катары 4 чатыр тигилген.

Белгиленгендей, ЖЭБдин имаратынын айланасын курулуш материалынын калдыктарынан тазалоо иши дээрлик аяктоо алдында турат.

Пикир

Оставить комментарий