• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте 2021-жылы оң рулдуу унаалардын катышуусунда 787 жол кырсыгы катталган

Кырсык 0

Бишкек, 04.04.22. /Кабар/. Бишкекте 2021-жылы оң рулдуу унаалардын катышуусунда 787 жол кырсыгы катталган. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын маалымат кызматы билдирет.

Маалыматта айтылгандай, былтыр оң рулдуу унаалардын катышуусунда катталган жол кырсыктарынан 1 миң 27 жаран ар кандай жаракаттарды алса, 15 киши каза болгон. Жалпысынан 2 миң 663 жол кырсыгы катталган, 3 396 жаран жабыркап, 64 киши көз жумган.

"Келип чыккан жол унаа кырсытарынын көпчүлүгү оң рулдуу автоунаа алдыдагы унаадан ашып өтөм деп, сол тарапка чыгуу учурунда карама-каршы келе жаткан унаа менен бетме-бет сүзүшүп алган фактылар менен коштолгон. Демек оң рулдуу автоунаалар Кыргызстандын жолдоруна туура келбегендиги анализ көрсөтүп турат. Мындай жол кырсыктарынын алдын алуу максатында Бишкек шаардык милициянын кайгуул кызматкерлери оң рулдуу автоунаалардын айдоочуларына, айрыкча Бишкек шаарынын аймагынан сырткары алыскы аймактарга каттаган минивен такси айдоочуларына байма-бай түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келет", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий