• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте 22-январдан тарта №55 жаңы автобус каттамы ишке кирет

Коом 0

Бишкек, 20.01.24. /Кабар/. Бишкек шаарында 22-январь, дүйшөмбүдөн тарта №55 жаңы автобус каттамы ишке кирет.

Муниципалитеттен билдиришкендей, каттам Чоң-Арык айылынан айланма жол менен жүрүп, Байтик-Баатыр, Жибек-Жолу, Ч.Айтматов көчөлөрүн камтыйт. Анын узундугу 24 чакырым, ал эми автобустардын кыймыл интервалы 10 мүнөттү түзөт. Каттамда 20 автобус кызмат көрсөтөт.

Белгилей кетсек, буга чейин мэрия Бишкекти чоң унаалар менен айланып жүрүүсүн, анын ичинде перпендикуляр кыймылды камсыз кылган бир нече чакан шакекчелерди жасоону пландаган.

Пикир

Оставить комментарий