• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте 7,5 млн сомдук психотроптук затты сатууга шектелген жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 14.07.22. /Кабар/. Бишкекте 7,5 млн сомдук психотроптук заттарды таңгактап, сатууга шектелип 31 жаштагы К.А.Ю., аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынан билдиришти.

Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (“Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында ыкчам терөө иш-чаралары жүргүзүлгөн.

К.А.Ю.дан таңгактоо үчүн каражаттар (зип-пакеттер), тараза жана жашырып орнотуу үчүн буюмдар, ошондой эле “Альфа PVP” психотроптук зат бар бөтөлкө алынган.

Кармалган жаран буга чейин психотроптук затты алган жерин белгилеп, ошондой эле баңгизаттарды жашыруучу экендигин түшүндүрдү. Ал куратор менен алдын ала байланышып, баңгизатты алып, андан кийин алынган заттарды сатуу максатында таңгактап, сактоочу жайларга жашыргандыгын айтып берген.

Мындан тышкары, Чүй облусунун Аламүдүн районунун аймагында Кинологиялык борборунун кызматтык издөө итинин катышуусу менен жерге көмүлгөн “Альфа PVP” психотроптук зат, баклажкалар табылган. Алынган заттын жалпы салмагы 1 кг 800 граммды түзүп, жалпы суммасы 7 млн 560 миң сомго бааланган.

Кармалган адам Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий