• 88.68
  • 95
  • 0.95

Сузак районунда майыптыгы бар балдарга жардам көрсөтүлдү

Аймак 0

Бишкек, 14.07.22. /Кабар/. Сузак райондук милициясы жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте 42 үй-бүлөгө жардам көрсөтүштү. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалымкатка ылайык, Сузак РИИБдин Балдар менен иштөө инспекциясынын демилгеси менен жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнөн райондук балдарды коргоо бөлүмүнүн кызматкерлеринин колдоосу менен райондогу жардамга муктаж болгон өспүрүмдөргө кайрымдуулук көрсөтүштү.

Тактап айтканда, Сузак милициясынын кызматкерлери балдарды коргоо болүмүнүн адистери менен биргеликте атайын күнүмдүк керектелүүүчү азык-түлүк жана шириндиктерди даярдашып, Сузак районунун аймагында жашаган мүмкүнчүлүгү чектелген жаш өспүрүмдөргө, жашоо шарты оор абалда болуп жардамга муктаж болгон жалпы 42 үй-бүлөгө жардам колдорун сунушуп, өспүрүмдөргө арналган белектерин беришип, аларга кубаныч тартуулашты.

Өз учурунда бул жасаган иштери үчүн алкоо алып, тургундар ак баталарын беришти.

Пикир

Оставить комментарий