• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Бажы кызматкерлери аткезчилик менен ташылып келе жаткан 20 миң куту тамекини кармады

Укук тартиби 0

Бишкек, 25.10.21. /Кабар/. Ыкчам бажысынын кызматкерлери Ош шаарында “У.К.” аттуу жарандын башкаруусунда “Мерседес Спринтер” үлгүсүндөгү унааны токтоткон.

Мамлекеттик бажы кызматынын басма сөз кызматы билдиргендей, унааны текшерген учурда 20 миң куту “Milano” жана “Mond” соода маркасынын филтрлүү тамекилери табылган. Тамекилер акциз маркасы жок ЕАЭБдин бажы мыйзамдарын бузуу менен киргизилген.

Аталган факт боюнча КР Жоруктаркодексинин 102-беренесиндеги белгилер боюнча сотко чейинки өндүрүш иши катталган.

Пикир

Оставить комментарий