• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Бишкекте алты унаа катышкан жол кырсыгы катталды

Кырсык 0


Бишкек, 16.04.24. /Кабар/. Бишкек шаарынын Манас простпектисинде алты унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталды.

“Кабар” агенттигине Милициянын кайгуул кызматынан билдиришкендей, жол кырсыгынын кесепетинен жабыркагандар жок, унаа ээлери материалдык чыгым тартты.

Жол кырсыгы боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалып, териштирүү иштери жүрүүдө.

Беш унаа айып короого токтотулду, биринчи унаанын айдоочусу кырсыктын башка катышуучуларына эч кандай дооматы жок экенин айтып, кырсык болгон жерден кетип калган.

Пикир

Оставить комментарий