• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте “Fit” жана “Toyota” автоунаалары кагылышып, бирөө турак жайды сүзгөн

Кырсык 0

Бишкек, 17.10.18. /Кабар/. Калаадагы Орозбеков менен Ленинград көчөлөрүнүн кесилишинде бүгүн, 17-октябрда болжол менен саат 16:00дөр чамасында жол кырсыгы катталган.

"Кабар" агенттигине Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкы башкармалыктан кабарлашкандай, "Fit" жана "Toyota" үлгүсүндөгү эки автоунаа кагылышкан, натыйжада унаалардын бири тосмону бузуп, жеке турак жайдын короосуна кирип кеткен.

Кырсыктан эч ким жабыркаган эмес, ал эми материалдык чыгымды күнөөлүлөр төлөп беришет.

Унаалар атайын айып унаа токтотуучу жайга киргизилген.

Чогултулган бардык материалдар Бишкек ШИИБне өткөрүлүп берилген. Тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий