• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте үй-бүлөлүк салтанат жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү талкууланды

Коом 0

Бишкек, 23.03.22. /Кабар/. Октябрь районунда үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан иштелип чыккан жобонун долбоору талкууланды. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кеңешмеге Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачева, Бишкек шаардык кеңештин депутаттары, Октябрь районунун МАБдардын башчылары жана активдүү шаар тургундары катышты. Жыйындын жүрүшүндө шаардыктар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү маселеси каралды.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө жобону иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлүп, анын курамына дин өкүлдөрү, ведомстволор, райондук администрациялар, ошондой эле Бишкек шаардык кеңештин депутаттары кирген.

Эске салсак, КР президенти Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө» жарлыкка кол койгон.

Пикир

Оставить комментарий