• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Бишкекте мамлекеттик кызматкерлер арасында кичи футбол боюнча мелдеш өтөт

Спорт 0

Бишкек, 17.04.24. /Кабар/. Бишкекте мамлекеттик кызматкерлер арасында кичи футбол боюнча мелдеш өтөт.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, кичи футбол боюнча турнир КР мамлекеттик жана муниципалдык мекемелеринин жана калкты тейлөө кызматкерлеринин профсоюзунун борбордук комитети тарабынан Дене тарбия жана спорт департаменти менен биргеликте уюштурулуп, 20-апрелде Бишкек шаары, Ташкөмүр көчөсү, 2 дарегиндеги «Динамо» спорт клубунда (велотрек) өтмөкчү.

Мелдеш Кара-Кыргыз Автономдук облусунун түзүлгөндүгүнүн 100-жылдыгын урматына, ошондой эле 1-май - Эмгекчилердин майрамына жана 28-апрель - Бүткүл дүйнөлүк эмгекти коргоо күнүнө карата уюштурулууда.

Турнирге министрликтердин, ведомстволордун, Бишкек шаарынын мамлекеттик жана муниципалдык мекемелеринин командалары катышат.

Жеңүүчүчүлөр тиешелүү даражадагы медаль жана кубоктор менен сыйланат.

Пикир

Оставить комментарий