• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

Бишкекте поезд адамды өлтүрө сүзүп кетти. Милиция аны тааныгандарды издөөдө (фото)

Кырсык 0

Бишкек, 06.03.19. /Кабар/. Бишкекте поезд адамды өлтүрө сүзүп кетти. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 4-март күнү болжол менен таңкы саат төрттөрдө болгон. Учурда каза болгон жарандын денеси экспертиза үчүн Республикалык соттук-медициналык борборго алынып кеткен.

Милиция кызматы ал адамды сүрөттөн тааныгандар болсо өздүгүн тактоого жардам берүү үчүн (0702) 102-702, (0312) 35-12-70, (0701) 35-12-70 номерлерине кайрылууну суранат.

Пикир

Оставить комментарий