• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте өспүрүмдөр арасында самбо боюнча чемпионат өттү

Спорт 0

Бишкек, 13.03.24. /Кабар/. Бишкек шаарында спорттук жана күжүрмөн самбо боюнча өспүрүмдөр жана жаштар арасында чемпионат өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, мелдеш 9-10-март аралыгында Раатбек Санатбаев атындагы олимпиадалык резервдин адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинде орун алып, мэриянын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча департаменти тарабынан уюштурулду.

Спорттук иш-чарага 17 жаштан 20 жашка чейинки 150 спортчу катышты.

Сынактын жыйынтыгы боюнча жеңүүчүлөр жана байге ээлери:

53 килограмм салмакта:
1-орун – Аскарбеков Элдар;
2-орун – Райымбеков Арсен;
3-орун – Беккулов Ынтымак;
3-орун – Жумалиев Нурэл.

58 килограмм салмакта:
1-орун – Алиев Ахмед;
2-орун – Чотонов Абдулхамид;
3-орун – Курортбеков Ильхам.

98 килограмм салмакта:
1-орун – Жолдошказиев Эмирхан;
2-орун – Турдалы уулу Эрбол.

Пикир

Оставить комментарий