• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте заманбап индия бийинин кечеси өттү — фоторепортаж

Маданият 0


Бишкек, 02.02.24./Кабар/. Бишкекте Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында заманбап индия бийинин кечеси өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маданий иш-чара доктор Рекха Мехра жетектеген "Урваши" маданият жана искусство, бий жана музыка коому тарабынан уюштурулду.

Бий кечесине маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу, Индиянын Кыргызстандагы элчиси Арун Кумар Чаттерджи жана Индия маданиятын сүйгөн коомчулук катышты.

Маданий саамалык Кыргызстандын менен Индиянын Маданият министрликтеринин ортосундагы 2022-2026-жылдарга карата маданий алмашуу программасын алкагында ишке ашырылууда.

Ушул эле маданий иш-чара Ош шаарында 3-февралда саат 18:00до С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында да сунушталат.


Маалымат үчүн: Кечеде шакирттери менен бирге өнөрүн тартуулаган доктор Рекха Мехри 30 жылдан ашуун убакыттан бери Индиянын классикалык жана заманбап бийин, ошондой эле музыкасын дүйнө жүзү боюнча жайылтып келет.

Пикир

Оставить комментарий