• 88.68
  • 95
  • 0.95

Чүй облусунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кырсык 0

Бишкек, 02.02.24. / Кабар/. Чүй облусунун аймагында 2-февралда саат 02:14тө күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөөнүн очогу Кожомкул айылынан 12 чакырым түндүк-чыгышты, Суусамыр айылынан 14 чакырым түндүк-чыгышты, Тунук айылынан 15 чакырым чыгышты, Бишкек шаарынан 90 чакырым түштүк-батышты карай жайгашкан.

Кыргызстандын калк жашаган аймактарында - Суусамыр, Тунук, Кожомкул айылдарында жердин силкинүүсү 2,5 баллга чейин сезилген.

Ошондой эле саат 01:21де Кытайдын аймагында күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жердин силкинүүсү Кыргызстандын Бедел айылында 3 балл, Ыштык айылында 2,5 баллга чейин жеткен.

Пикир

Оставить комментарий