• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Бишкекте жаңы воркаут-аянтча пайда болду

Коом 0

Бишкек, 01.04.19 /Кабар/. Свердлов районунун 7-апрель жана Мамбетова көчөлөрүнүн кесилишинде жаңы воркаут-аянтчанын ачылышы болду. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, эл аралык форматтагы спорттук аянтчанын курулушуна каражат шаардын бюджетинен БШКнын депутаты Сейдахмат Исмаиловдун тапшырмасы менен бөлүнгөн.

Бул аянчада биринчи машыгууга депутат Сейдахмат Исмаилов, Свердлов районунун башчысынын орун басары Чынара Борбашова, №17 муниципалдык аймактык башкармасынын жетекчиси Анара Мамбетовалар катышкан.

Борбордук мэрия келечекте мындай жаңы форматтагы аянтчаларды шаардын баардык жагына курууну улантат.

Воркаут-аянтчалар 24 саат бою баардык каалоочулар үчүн ачык.

Пикир

Оставить комментарий