• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

ИИМ: Бишкектин борборунда чөптүн арасынан тапанча табылды

Коом 0

Бишкек, 05.07.23. /Кабар/. Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын жанында чөптүн арасынан тапанча табылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Тапанчаны бүгүн "Бишкек жашыл чарба" муниципалдык ишканасынын кызматкери таап алып, болжол менен саат 09:45те кабар берген. Ал филармониянын түштүк аймагындагы газондун чөптөрүн кыркып жатып тапанчага окшош ок атуучу куралын таап алгандыгын айткан.

Окуя болгон жерге ведомстволук милиция полкунун кармоо тобу барып, табылган кара түстөгү темир тапанчасын алып, Бишкек шаарынын Ленин РИИБнын ыкчам тергөө тобунун кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий