• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкектин Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан ЖК депутатын шайлоо башталды

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 10.09.23. /Кабар/. Бүгүн, саат 08:00дө Бишкектин Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутатын шайлоо башталды.

Ленин районунда 127 миң 239 шайлоочу бар, анын ичинен 43,61 пайызы эркектер жана 56,39 пайызы аялдар. Добуш берүү үчүн 51 шайлоо участогу ачылган.

Добуш берүү кечки саат 20:00дө токтотулат. Аталган округдан жалпы 29 талапкер депутаттыкка ат салышууда.

Белгилей кетсек, аталган аймактын мурдагы депутаты Жаныбек Абиров Бишкекте катталган мушташка байланыштуу мандатын тапшырган. Ага байланыштуу Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча ЖКнын депутатын мөөнөтүнөн мурда кайра шайлоо дайындалып, бирок анын жыйынтыгы жараксыз деп табылган.

Кийин БШК кайра шайлоонун үстүбүздөгү жылдын 10-сентябрына дайындаган.

Пикир

Оставить комментарий