• 88.68
  • 95
  • 0.95

Болот Абдыжапаров: 2023-жыл Сүлүктү шаары үчүн жемиштүү жыл болду

Аймак 0

Бишкек, 29.12.23. /Кабар/. 2023-жыл Сүлүктү шаары үчүн абдан жемиштүү болду. Бул тууралуу шаардын мэри Болот Абдыжапаров билдирди.

Анын айтымына караганда, салык мыйзамдарынын бузулушун четтетүү менен ноябрь айында республикалык бюджетке болгон салык 1199,5 пайызга аткарылды.

КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Баткен облусу боюнча башкармалыгы тарабынан 2023-жылдын август айынан баштап жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иштеринин алкагында, Сүлүктү шаарында көмүр казып алуу менен алектенген ЖЧКлардын ишмердүүлүгүндө мыйзам бузуулар аныкталып, 2023-жылдын 25-декабрь айына карата текшерилген 40 ЖЧКнын ичинен 16 ЖЧК тарабынан мамлекеттик бюджетке төлөнгөн салыктын суммасы 309 млн 878 миң 824 сомду түзүп, Сүлүктү шаары боюнча мамлекеттик, республикалык жана жергиликтүү бюджеттин аткарылуусуна негизги булакты түздү.

Тактап айта турган болсок, 2023-жылга Сүлүктү шаары боюнча мамлекеттик бюджет планы 171 млн 256 миң сомго бекитилип, 2023-жылдын ноябрь айына 309 млн 707 миң сом, же болбосо 180%га аткарылган. Анын ичинен республикалык бюджет планы 108 млн 171 миң сомго бекитилип, 239 млн 146 миң 600 сомго, же болбосо 221%га аткарылган, жергиликтүү бюджет планы 63 085 200 сомго бекитилип, 70 560 500 сомго, же болбосо 111%га аткарылган.

Ал эми 2023-жылдын ноябрь айына бекитилген мамлекеттик бюджеттин планы 17 млн 355 миң 700 сомду түзүп, 154 млн 625 миң 800 сомго, же болбосо 1199%га, ал эми жергиликтүү бюджет 4 465 300 сомду түзүп, 11 484 200 сомго, же болбосо 257%га аткарылган.

"Белгилей кетчү жагдай, күч түзүмдөрү менен биргеликте жүргүзүлүп жаткан иштердин жыйынтыгында мамлекеттик бюджетке тушүп жаткан каражаттар эң башкысы Сүлүктү шаарынын өнүгүүсүнө жана элдердин жашоо шартын жакшыртууга жумшалат", - деп билдиришти Сүлүктү шаарынын мэриясынын басма сөз кызматынан.

Пикир

Оставить комментарий