• 88.68
  • 95
  • 0.95

Боомдо төрт күн таш түшүрүү иштери жүргүзүлөт

Коом 0

Бишкек, 27.04.23. /Кабар/. 29-апрелде жана 2,3,4-майда Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун 129-чакырымында (Боом капчыгайы) кооптуу таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” УК” мамлекеттик ишканасы билдирет.

Маалыматка ылайык, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери жолду жарым-жартылай тоскондон кийин, аталган иштер күндүз жергиликтүү убакыт боюнча саат 09:00дөн 15:00гө чейин жүргүзүлөт.

Жолду тазалоо учурунда унаалар бир тилкеге багытталат.

Белгилей кетсек, таш түшүрүү иштери Бишкек – Нарын – Торугарт жол тилкесинде автомобиль жана темир жол транспортунун коопсуздугун камсыздоо максатында өткөрүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий