• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

БШК дагы 54 эл аралык байкоочуну аккредитациядан өткөрдү

Шайлоо 2017 0

Бишкек, 31.08.17 /Кабар/. КРнын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы дагы 54 эл аралык байкоочуну аккредитациядан өткөрдү. Бул тууралуу БШК басма сөз кызматы билдирди.

Аккредитациядан КМШ Аткаруу Комитетинин төрагасы - Аткаруу Катчысы Сергей Лебедев башында турган КМШ Аткаруу Комитетинин байкоочулары, Элчи жана Миссиянын башчысы Александр Кельчевский жетектеген Демократиялык институттар жана адам укуктары Бюросу/ЕККУнун эл аралык байкоочулары жана башкалар аккредитациядан өтүштү.

Бүгүнкү күнгө чейин КР Борборшайлооком эл аралык 61 байкоочуну аккредитациядан өткөргөн.

Пикир

Оставить комментарий