• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Шайлоочулар: Ат-Башы Сооронбай Жээнбековду колдойт

Шайлоо 2017 0

Бишкек, 18.09.17 /Кабар/. Президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековдун колдоочуларынын саны күн сайын артып баратат. Анын жолугушууларына 10 миңдеген шайлоочулар катышып, көпчүлүк эл 15-октябрда ушул кишиге добушун берерин билдирүүдө. Биз Ат-Башы районунун айрым тургундарынын пикирлерин сунуш кылабыз.

Кубанычбек АЙДАРАЛИЕВ, айыл тургуну:

- Сооронбай Жээнбековдун басып ɵткɵн жолу, кылган иштери, саясый, инсандык бейнеси менен таанышып чыктым. Элге жакындыгына, уурдабай, жебей таза иштеп келатканына урматтоо менен мамиле кылып, президент болуп шайланып калса деп тилек кылып атам.

Өзү айткандай, аймактардын ɵнүккɵнү – өлкөнүн өнүккөнү. “Элде болсун, анан менде болсун” дегени аябай жакты. Кыргызстандын элинин кɵпчүлүгү айыл жерлеринде жашаган соң аларга биринчи кезекте кɵңүл бурулушу керек. Жолдорду салуу, таза суу менен камсыз кылуу, бош жүргɵн жаштарга жумуш орундарын түзүү, социалдык объекттерди куруу сыяктуу иштерди жүргүзүүгɵ басым жасаса дейм.

Жаркынбек КАРЫМШАКОВ, жаш активист:

- Азыр айылда жумушсуз, кɵчɵ таптап жүргɵн жаштар кɵп. Спорттук залдарды ачып, машыгууларына шарттарды түзүп беришсе, келечекте Кыргызстандын даңкын чыгарчу мыкты спортчулар чыгат эле. Карылуу, спортко шыктуу кɵп жаштар калып кетип атат. Шаарга барып машыгып, спорттук талантын ɵнүктүрɵлү дейт, бирок ага бардыгынын эле шарты бар эмес. Сооронбай Жээнбеков жаштарды колдой турганын, спортко ɵзгɵчɵ кɵңүл бура турганын айтып келатат, ɵзү да жаш кезинде спортчу болгон экен. Ошондуктан биз, жаштар ага зор үмүт, ишеним артып, алдыдагы шайлоодо колдойбуз.

Жүрсүн МАЛИКОВА, эмгек ардагери:

- Мен элдин куру убадаларга алданбай, добуштарын акчаларга сатпай, жүрɵгү менен сезип, акыл калчап туура тандоо жүргүзүшүн каалайт элем. Анткени, элдин тандоосунан Кыргызстандын алдыдагы 6 жылы кɵз каранды. Эртеңибизди, келечегибизди туура аныктасак экен.

Менин тандоом бар. 15-октябрда добушумду Сооронбай Жээнбековго берем. Ал ач кɵз эмес, уурдабаган, мамлекеттин акчасына кол салбаган, элдин ырыскысына кɵз артпаган адам. Мамлекет башчы катары да ушул сапаттарынан жазбай, бузулбай жакшы иштейт деп ишенем. Элди да ушул адамга добуштарын берүүгɵ чакырам.

Коногалы ОСМОНАЛИЕВ, Нарын облусунун Ардактуу атуулу:

- Бизге азыркы ырааттуу ɵнүгүү нугун бузуп, чакчалекей чыгаргандын кереги жок. Буга чейинки иштерди ара жолдо калтырып, жокко чыгарып, баарын жаңыдан баштаганга болбойт. Биз артка кетпей, алдыга карай жүрүшүбүз керек да. Ошондуктан Ат-Башынын кɵпчүлүк жашоочулары Алмазбек Атамбаевдин баштаган, жүргүзүп жаткан иштери уланса, аягына чыкса дейбиз. Кудайга шүгүр, акыркы 3 жылда туруктуу, ырааттуу, ишенимдүү ɵнүгүү жолундабыз.

Жеке мага Сооронбай Жээнбековдун Атамбаевдин иштерин улантам, аягына чыгарам, стабилдүүлүктү камсыз кылам деп айткандары ɵзгɵчɵ жагууда. Ошол үчүн анын президент болушун каалайм.

  • Даярдоочу: КУМА "Кабар"
  • Дарек: Бишкек, Абдрахманов к. 175
  • КР Президенттин кызмат ордуна талапкер С.Ш Жээнбековдун шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сатыгул кызы Надира тарабынан буюртма берилди жана төлөндү.
  • Нускасы 1 даана. Чыгарылган күнү: 17.09.2017 ж.

Пикир

Оставить комментарий