• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

БШК президенттикке талапкер катары 13 адамды каттоодон өткөрдү

Шайлоо 2017 0

Бишкек, 07.09.17. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Боршайком 13 адамды президенттикке талапкер катары каттады. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине БШКнын мүчөсү Кайрат Осмоналиев билдирди.

Анын айтымына караганда, эки күндөн кийин талапкерлерди каттоо аяктайт. Учурда бардык талапкерлер текшерилди.

“Үчөөнүн талапкерлиги чечиле элек, алар талапкер катары каттоодон баш тарткандыгы үчүн БШКны сотко бергендер. Турсунбек Акун, Ахматбек Келдибеков жана Исхак Масалиев. Булар боюнча маселе 10-сентябрда чечилет”,-деди ал.

Осмоналиев билдиргендей, 9нан 10-сентябрга караган түнү түнкү саат 12:00 кийин шайлоо алдындагы үгүт иштери башталат.

Ошондой эле, БШКнын мүчөсү кошумчалагандай, шайлоону өткөрүү боюнча даярдыктар календарлык тартип боюнча кетүүдө.

“Негизги басым азыр шайлоочулардын тизмесине жасалууда. Эске сала кетсем, Бишкекте өзүнүн шайлоо дарегин алмаштыргандар үчүн атайын 33 шайлоо тилкеси ачылмакчы”,-деди ал.

Эске сала кетсек, президенттик шайлоо 2017-жылдын 15-октябрында өтөт.

Пикир

Оставить комментарий