• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

С.Жээнбеков кыргызстандыктарды Мамлекеттик тил күнү менен куттуктайт!

Шайлоо 2017 0

Бишкек, 23.09.17 /Кабар/. КР Президенттигине талапкер Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды Мамлекетти тил күнү менен куттуктап, кайрылуу жасады:

Урматтуу кыргызстандыктар!

23-сентябрь 1989-жылы парламент «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» мыйзамын кабыл алган. Бул күнү Кыргызстан жалпы улуттук майрам - Мамлекеттик тил күнүн белгилейт. Чын жүрөктөн сиздерди биздин бул жалпы майрамыбыз менен куттуктайм!

Биздин тил бай, анын дараметинин чекеси да оюла элек. Айрыкча кийинки муун ушунуу нутпашы керек. Кийинки жылдары мамлекет кыргыз тилине каржылык колдоону күчөттү, илгери бир нече миллион сом бөлүнүп келсе, азыр жүздөгөн миллион сом карала баштады. Биз глобалдык процессте тилибизди, маданиятыбызды биргелешип сактап калууга тийишпиз.

«Манас» сыяктуу алп чыгарма кыргыз тилинин түгөнгүс дараметин, байлыгын өзүнө камтыган. Чыңгыз Айтматов сыякту уулуу, таланттуу жазуучулар кыргыз тилинде өзүнүн түбөлүктүү чыгармаларын бизге калтырып кетти. Эне тилдин жардамы менен эң терең ойлорду жана сезимдерди билдире алабыз. Эне тил - бул улуттун маданияты жана ой жүгүртүү образы.

Биз байыркы, кылымдарды карыткан тилибизди бекем сактап, ага аяр мамиле жасашыбыз керек. Кыргыз тилин сактоо менен биз Кыргызстанда жашаган бардык улуттар менен биргеликте, ынтымакта жашайбыз!

  • Даярдоочу: КУМА “Кабар”
  • Дарек: Бишкек, Абдрахманов к., 175
  • КР Президенттин кызмат ордуна талапкер С.Ш Жээнбековдун шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сатыгул кызы Надира тарабынан буюртма берилди жана төлөндү.
  • Нускасы 1 даана. Чыгарылган күнү: 23.09.2017 ж

Пикир

Оставить комментарий