• 88.68
  • 95
  • 0.95

БШК талапкер Дамира Ниязалиеваны жоопкерчиликке тартууга макулдугун берди

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 06.06.23. /Кабар/. Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Дамира Ниязалиеваны жоопкерчиликке тартууга макулдугун берди. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынан билдиришти.

Милициянын маалыматына ылайык, учурда шайлоочулардын добушун сатып алуу фактысы боюнча козголгон кылмыш иши уланып, тергөөнүн толуктугун камсыздоого багытталган комплекстүү тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Тергөөнүн жыйынтыгы менен иш боюнча айыпталуучуларга тиешелүү юридикалык баа берилет.

Белгилей кетсек, Бишкек шаардык милициясынын Тергөө кызматынын №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Д.Н.ны кылмыш жоопкерчилигине тартуу жөнүндө БШКга келтирген өтүнүчү каралып, канааттандырылган.

Белгилүү болгондой, БШК шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган.

Буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришкендей, 29-майда №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Дамира Ниязалиеванын добуш сатып алуу ыктымалдыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Аудио жазууда депутаттыкка талапкер Ниязалиеванын үнүнө окшогон аял У.Р. аттуу адам менен сүйлөшүп, үгүт иштерин жүргүзүү, жарандарга 1500 сомдон төлөп берүү, аларды шайлоого тартуу боюнча жарандардын тобу менен иштөө схемаларын талкуулап жаткан.

№26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутатын шайлоодо алдын ала маалымат боюнча Дамира Ниязалиева жеңген.

Аталган округда шайлоочулардын жалпы саны 124 миң 908 адамды түзсө, анын ичинен шайлоого 17 миң 423 адам катышкан. Дамира Ниязалиева 6 миң 242 добуш алган.

Пикир

Оставить комментарий