• 88.68
  • 95
  • 0.95

БШКда бир депутат алмашты – кезексиз сессия башталды

Коом 0

Бишкек, 13.07.18. /Кабар/. Бүгүн Бишкек шаардык кеңешинин (БШК) XVII кезексиз жыйыны өтүүдө.

Жыйынга 45 эл өкүлүнөн болгону 35 депутат катышууда. Сессия адаттагыдай эле мамлекеттик гимн менен башталды.

Жыйынга депутаттардан сырткары муниципиалдык кызматтардын жетекчилери, шаардын вице-мэрлери, райондук администрация башчылары жана ЖМК өкүлдөрү чакырылган.

Кезексиз жыйындын жүрүшүндө Асел Кумунбаеванын ыйгарым укуктары бүткөндүгүнө байланыштуу депутаттык мандат Чыңгыз Жумалиевге (Өнүгүү-Прогресс фракциясы) өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий